Лейлек Өткөн жумада республикабыздын эң четки аймагы болгон Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында аз жерден чыр-чатак чыгып кете жаздады. Күбөлөрдүн айтуусунда, алгач куралчан тажик чек арачылары 8-февралда түшкө чейин «Кулунду» жана «Кайрагач» кыргыз-тажик чек арасын бир тараптуу жаап, адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салган. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жергиликтүү жашоочулар 1-2 минуталык видеотасманы социалдык тармактарга жүктөп жиберишкен. Дагы бир такталбаган маалыматтар боюнча, кыргыз жарандары көпүрөгө туура коюлган тажик чек ара кызматынын машинасын түртүп, жолду ачып да алышкан. Сыягы, биздин чек арачылар эч нерседен кабары жок окшойт, журналисттердин тынымсыз телефон чалууларынан кийин гана уйкудан чочуп ойгонгондой, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзө баштаган. Ага чейин Саада айылында көпүрө курулган экен. Айылдын тургундары Саада каналы аркылуу өтүүчү бул көпүрөнү мектеп окуучуларынын ыңгайы үчүн орнотушкан. Себеби мурда кошуна өлкөнүн аймагы аркылуу каттаган кыргыз окуучулары ар кандай жагдайларга туш болуп келишкен. Кыскасы, кечке чейин эки тарап тил табышып, жол кайра ачылды. Бирок, 1-2-февраль күндөрү эле президент С.Жээнбеков Тажикстанга расмий иш сапар менен барып, бир катар документтерге кол коюп келбеди беле. Кошуналардын кезектеги мындай оюну мамлекет башчылардын жолугушуусунан кийин эле кайталанып жатышы түшүнүксүз болууда…
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ