Menu

Орусиялык укук коргоочу Кыргызстанга дале киргизиле элек

Бөлүшүү:

Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев эмне себептен өлкөгө киргизилбей жатканы боюнча кыргыз бийлиги түшүндүрмө бере элек. Чек ара кызматы бул боюнча маалымат берүүдөн карманып турат.

Ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” өткөрмө бекетинде турган Пономарев кыргыз бийлиги эч себепсиз чек арадан өткөрбөй жатканын айтууда.

Ал 29-июнда Кыргызстанга эч тоскоолдуксуз кирип, экстремизмге каршы эл аралык конференцияга катышып, Казакстанга кеткен. Ал 9-июлда Бишкекке кайтып укук коргоочу кесиптештери менен жолукмак.

Орусиялык укук коргоочу “Азаттыкка” курган маегинде Бишкектен Москвага учуучу билетин жабууга жана Бишкекте калган буюм-тайымдарын алдырууга аракет кылып жатканын кошумчалады.

“Мемориал” уюмунун Борбор Азия программаларынын жетекчиси Виталий Пономарев 9-июлда Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга киргизилген эмес. Бул маселе боюнча УКМК маалымат берүүдөн баш тартты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: