Азыркы убакта Ош шаарында 17-ноябрь Эл аралык студенттердин күнүнө карата «Жаштар жумалыгы» уланууда. Бул майрамдын урматына Ош технологиялык университетинде шаардагы жогорку окуу жайлардын жана атайын орто окуу жайлардын арасында Дебат турнири уюштурулду. Бул тууралу ОшМЮИнин басма сөз кызматы билдирет.
Жаштардын билими жана ой жүгүртүү жөндөмү түрдүү шарттарда сыноодон өткөрүлүүчү дебатта Ош мамлекеттик юридикалык институтунун студенттери өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Аталган жогорку окуу жайдын «Лидер» аттуу командасынын мүчөлөрү Эрлан Жээнбеков, Нурумбет Иманказыевдер түрдүү интеллектуалдык суроолорго убагында так жооп берип, ар кандай шарттарын мөөнөтүндө талаптагыдай аткарып биринчи орунду жеңип алышты.
Кызуу беттешүүлөр менен уланган дебатта ОшМЮИнин студенттери Базаргүл Курбаналиева, Алтынай Полотовалар да активдүү аракеттери менен атаандаштарын жеңгендиктен «Smart» командасы үчүнчү орунду ээледи. Ал эми «Де-Факто» командасы «Мыкты команда» номинациясына ээ болду. Ошентип жаштар жумалыгында өткөрүлүп жаткан ар кандай иш-чараларда биринчи орунду багындырган Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жаштары жакындап келаткан Эл аралык студенттердин күнүн татыктуу ийгиликтер менен күтүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ