Жалал-Абад шаарында Барпы атындагы кыргыз драма театрынын эмгек жааматы Дүйнөлүк театр күнүн шаардын коомчулугунун коштоосунда кыргыздын улуттук оюндары жана сүмөлөк кайнатуу менен белгилешти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Жалал-Абад шаанын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулованын айтымында, Барпы театрынын чыгармачыл жамааты быйыл өзгөчө программада белгиледи.
-Бүгүнкү театр майрамында элге жакшы маанай тартулоо максатында атайын концерттик программа, сценалык аткаруулар болду. Жылдан айырмаланып, быйылкы жылы театр ишмерлерибиз казанда сүмөлөк кайнатып, ушул жыл жемиштүү жылдардын болсун деген тилектерин билдиришти, – дейт ал.
Майрамдык иш-чаранын алкагында Жалал-Абад шааынын мэриясынын Ардак грамоталары театрдын алдыңкы театр кызматкерлерине тапшырылды.
Эске сала кетсек, Өткөн Тарых жана маданият жылында уюшулган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Курманбек баатыр” драмасы менен барган театр кызматкерлери баш байгени жеңип келишкен. Ал эми театрда уюшулган 1992-жылдан бери 40тан ашуун спектаклдер сахнага алып чыгылып, чыгармачыл топ бир катар эл аралык фестивалдардын лауераты болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ