Menu

Өзбекстанда аскерде кызмат өтөө мөөнөтү баары үчүн бирдей болот

Бөлүшүү:

Өзбекстанда аскерде кызмат өтөө мөөнөтү расмий түрдө 12 айды түзөт. Бул тууралуу мыйзамга президент Шавкат Мирзиёев 5-сентябрда кол койду.

2002-жылдын 12-январында кабыл алынган «Жалпы аскердик милдет жана аскер кызматы» жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Ага ылайык, аскерде кызмат өтөө мөөнөтү баары үчүн 12 ай болуп бекитилди.

Буга чейин аскерде кызмат өтөө катардагы жана сержант курамындагылар үчү 12 ай, жогорку билимдүүлөр менен офицердик курамдагылар үчүн 9 айды түзгөн.

Мыйзам боюнча аскерге чакыруу апрель-май айларында болот. Буга чейин өнөктүк апрель-июнь айларында жүргүзүлүп келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: