Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктунда сарымсакты алып өтүүдө мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 169 миң сом суммада 22 тонна сарымсакты алып өткөн машина кармалган. Материалдар мобилдик топко өткөрүлүп берилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ