Menu

Баткен облусунда сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Баткен облусунда сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Пандемиянын экинчи толкунун эске алуу менен, эл арасында сасык тумоонун алдын алуу максатында, өлкөнүн башка аймактары сыяктуу эле, Баткен облусунда да сасык тумоого каршы, акысыз эмдөө жүрүп жатат.

Эмдөө биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу тобокел тобуна кирген, көп ооруган 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга жана медицина кызматкерлерине жасалууда.

Облуста жалпы 9000 адам эмдөөдөн өтүүдө. Адистер алдыда дагы этап этабы менен эмдөө жүргүзүлөөрүн айтышат.

Дарыгерлер сасык тумоого каршы эмдөө, күз кыш айларында өтүүчү сасык тумоонун курч түрлөрүнөн сактайт жана оору жуккан учурда да ал жеңил өтөөрүн белгилешет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: