Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1 сутка ичинде 139 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-февраль күнү билдирди.
Маалыматтар боюнча, алардын ичинен 108и жаш балдар. Кайрылгандардын 36сы ооруканага жаткырылган, алардын 28и жаш балдар.
Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 25 адам кайрылып, 10ну ооруканага жаткырылып, 15 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ал эми курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 62 адам кайрылып, 13ү ооруканага жаткырылып, 49 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ