Бүгүн, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар менен жолукту. Ырчы Анжелика жолугушуу 3 саатка чейин созулганын Инстаграм баракчасында билдирди.
“Жолугушуу Чубак ажы атабыз баш болгон көзү өтүп кеткен инсандарга Бабур мырза куран окуду. Жолугушуу Ак үйдүн жетинчи кабатындагы конференц залында ачык өттү. Ал 3 саатка созулду. Ыктыярчылар болгон бугун чыгара ар бириңиздердин атыңыздардан жазган кайрылууларыңызды жеткирип, ызаланып, ачуу чындыкты бетке айтып, дароо жооп алдык.
Ал жолугушууга келген ыктыярчылардын ар бир оюн, сунушун укту. Чоң оорукана куруу боюнча биздин сунушубузду колдоп, тез убакыттын ичинде качан курулуп баштай турганын айта турган болду. Андан тышкары эскирген мейманканаларды обсервацияга сураганда, ал жакка каражат бөлүнүп бериле турганын айтты.
Менин эң негизги сунушум социалдык дарыкана болду. Социалдык дарыкана мамлекет тарабынан ачылып, бааларды эл көзөмөлдөйт жана ал жерде бардык дары-дармектер болушу абзел. 7 областта ачылышы керек. Ошондой эле биздин дарыгерлерге дары-дармек, витаминдерди берүү, медицина кызматкерлерине 10-15 күн сайын компенсация төлөп, айлык акысын өз убагында төлөп берүү, жеке коргоочу каражаттар менен камсыздоо, дарыканалардын статистикасын киргизүү сунушталды”, – деди ырчы айым.
Ошондой эле, келген ыктыярчылардан “Улуттук кыймыл” тобу түзүлүп, түзмө-түз ажонун аппараты менен иш алып барууга “WhatsApp” группасы дагы ачылганын кошумчалады.
https://www.instagram.com/tv/CC5WDuoF7w4/?igshid=1jgl39hjp31hr
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ