Menu

Мырзакматовдун аркасынан Карашев менен Өмүрзаков уят болуштубу?

Бөлүшүү:

ЖМК беттерине: «Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев отставкага кетет экен, ордуна Сүйүн Өмүрзаков болуп калса таңкалбагыла» дегенсиген маалыматтар жайнап, артынан ИИМ басма сөзү жокко чыгарды. Элибиз «жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, бул кептер деле бирөөнүн сыркоолуу фантазиясы эмес, реалдуу пландардын айынан жаралганы айтылууда.

Көз карандысыздыктын 25 жылдыгында Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттөгү өнөктөштөрүнөн кол үзгөндөн кийин коом президентти колдоп, оппоненттерин каралоочуларга, анан оппозицияны жактап, бийликти боктоочуларга бөлүнүп, эки тарап бири-бирине аеосуз кара пиар жасоого өттү.

Президентти колдомуш болуп жүгүрүп жүргөндөрдүн көбү жеке кызыкчылыгын канааттандырып, кызматка туруу, пайда көрүүнү максат кылгандыктан, андайлардын көбүнүн ашкере аракеттери тескери жыйынтык берип, президентке пайдасынан зыяны көбүрөөк болуп, эл ичиндеги аброюнун төмөндөшүнө алып келүүдө план куруп, максатына жетип, алчусун алып жаткандар да жок эмес.

ИИМдин жетекчилигин алмаштырып, наркотрафик менен байланышы тууралуу илээшкеги артынан калбаган Сүйүн Өмүрзаковду министр кылуу аракети болгонун, ал долбоордун автору президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басары Аалы Карашев экенин ишенимдүү булактар билдирүүдө.

Бул гениалдуу план – ден соолугунун айынан айласы кетип жаткан президентти алдап, «Ошко Мелис Мырзакматов келгени жатыптыр, эл колдоп чыгат экен, Сүйүндү жибердик, он күндөн бери ошол жакта жакшы иштеп атат, тынчытып атат! Ушу гана жарайт, Конгантиевдей туруп берет» дешип, шаштысын кетирүү аркылуу ишке ашырууну көздөшкөнү айтылып, анан калса, Мырзакматовдун “азыр келем” деген ою жок экенин билген партиялаштарынын да оозу ачырыптыр.

Президенттин жасаган эмгектери, кылган иштерине нааразычылыгы болбогон менен, элге жек көрүндү болгон фигуралардын айланасына топтолушу Алмазбек Атамбаевдин аброюна көлөкө түшүрүп жатканы жалган эмес. 2010-жылдын 7-апрелиндеги митингчилерди атууга шектүү штабдын жетекчиси соттолмок тургай, суудан кургак чыккан Аалы Карашев президенттин жанына ушу Сүйүнгө окшогондорду тартып келип жаткандыгы, акчанын күчүнө салгандарды не дейбиз? Алмазбек Атамбаевди “көз таңмай оюну” менен алдап жатышабы?..

 Сакен БӨРҮБАЕВ

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: