КР Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Ысык-Көлдү, ошондой эле Кыргызстандын жаратылыш парктарын жана коруктарын тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык акция өткөрүштү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаралардын алкагында Ысык-Көл биосфералык аймагы дирекциясынын кызматкерлери “Таза Ысык-Көл” коомдук фонду менен биргеликте көлдүн түбүндөгү таштандыларды, ошондой эле Ысык-Көлдүн жээк зоналарындагы чөкмөлөрдү жана тиричилик калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Тору-Айгыр айылынын жана Бостери айылынын пляж аймактарында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Ысык-Көлдүн түбүнөн 1 тоннадан ашык таштанды жана 100дөн ашык кароосуз калган балык торлор жыйналды. Иш-чаралар суучулдардын катышуусунда өттү. Негизинен көлдүн түбүнөн балык кармоочу тор, желим бөтөлкө жана ар кандай баштыктар алынган.
Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн суу алдындагы жана жээк зонасы тазаланып, иретке келтирилди. Натыйжада 5 тоннадан ашык таштанды топтолду. Чогулган таштандылар “Ихсан Эко-Групп” ЖЧКсына кайра иштетүү үчүн өткөрүлүп берилди, ошондой эле Балыкчы шаарындагы санитардык-техникалык полигонго жеткирилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ