«Чабал өрдөк эрте учат» болуп, эң ириде президент болом деп жар салган Темир Сариевдин учурда шайы жакшы эмес. Буга чейинки өкмөт башчы болуп тургандагы кадамдары дарамети чектелүү, ортозаар аткаминерлердин катарын толуктаарынан кабар берген. Иш бүтүрбөй эле кооз сүйлөп популисттик кылганын коомчулук жакшы билет. Эң негизгиси мансапка жектенде көзү тунарып, саламга жарабай калчу жоругуна теңтуш, санаалаштары тоюп бүтүптүр. Мындан улам, учурда жакындарынын дагы колдоосуна арзыбай, өгөйлөнүп жатыптыр. Өкмөт башчы болуп турганда бир жолу кабыл алганга жарабай койдуң эле, эми биз керек болуп калдыкпы дешип теңтуштары сыртын салып, шайлоого аттансаң жакшы болуптур деп көңүл кош болуп коюшуптур. Теңтуштарына тили өтпөй жаткандан кийин, абалы чатак эле экен…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ