Ош облусунун Кара-Суу районунда он киши 12-февралда бешик тойго баргандан кийин уулануу белгилери менен ооруканага кайрылган. Алардын төртөө 2015-жылы туулган наристелер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы билдирет. Ооруканада жаткандарга «тамак-аштан ууланган» деген диагноз коюлду. Кайсы азыктан ууланганы анализдин жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ