Menu

Иса Өмүркуловдун аброюна көлөкө түшүргөн Абтандил Кулбараков

Бөлүшүү:

Негизи Иса Өмүркулов Акаев доорунан бери чоң саясатта алпурушуп, эчен бир кыйын кезеңдерди баштан кечирген. Ошол эле Акаевдин адилетсиз бийлиги, кийин Бакиев режими ойдон чыгарган жомоктор менен кысты, себеби, элдин таламын талашып, акыйкат сөздү айтканы үчүн. Кийин революциянын «мотору» болуп, адилеттуү бийликти курууга үлкөн салым кошту. Бишкек шаарынын мэри болуп, тополоң-тоздо, кийинки кыйчалыш кезеңдерде баш калааны сактап, өркүндөттү, заманбап өнүгүү жолуна салды. Негизи ичкүйдү экенбиз, Иса мырзага жок нерсени токуп, кылмыш ишин бузукулар козгоп чыгышты. Бирок, Кудай бар экен, бир жыл тогуз ай дегенде ак экени ырасталып, соттон акталып чыкты. Эми кайрадан эл өкүлү катары, ошол эле аброю ураган КСДПны буттан тургузуп, «итибайлардын» көптүгүнө карабай өзүнүн бийик тажрыйбасы менен бийликтин жүзүн сактоодо. Баса, «Кой аксагы менен миң» дегендей, ортодон Абтандил Кулбараков акчасына манчыркап, «Де-факто» гезитин сатып алып атпайбы. Жетеленме Кулбараков гезитти Иса мырзага шылтап жүргөнү Кудайга да жакпайт го? Мунун айынан ортодон достор, сыйлуу адамдар менен келишпестиктер жарала калууда. Аныгында, Өмүркуловго «Де-фактонун» тишеси жок, анын мыйзамдуу ээси Абтандил. Биз минюсттан тактадык. Мындан ары нааразы болгондор туура түшүнсө деген ой…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: