Тажикстанда студенттер 1-марттан тарта Нооруз майрамы бүткөнгө чейин окууга улуттук кийимчен келүүгө милдеттүү. Билим берүү жана илим министрлигинин көрөтмөсүнө ылайык, саймалуу атлас кийимдерди ЖОЖдордун окутуучулары, мектеп мугалимдери жана окуучулары дагы кийиши керек.
Билим берүү министрлигинин жаңы көрсөтмөсүнө ылайык, 1-марттан тарта Нооруз майрамы бүткөнгө чейин мугалимдер мектеп формаларын кийбейт.
Расмий катта демилге байыркы тажик элинин салт-санаасын калыбына келтирүү максатында киргизилгени айтылат.
Мугалимдерге жана окуучу кыздарга буга чейин дагы Нооруз майрамында сабакка улуттук кийимчен келүү боюнча тапшырмалар берилип келген. Бирок быйыл биринчи жолу расмий түрдө көрсөтмө берилүүдө.
Идеа Тажикстан президентинин алдындагы Аялдар жана үй-бүлө комитетине таандык. Өлкө мектептеринде 2013-жылдан бери бирдиктүү форма киргизилген. Балдар костюм, кара шым, ак көйнөк жана галстук, кыздар кара юбка же шым, кофта жана галстукчан болууга тийиш. Мугалимдер ачык түстөгү кофта жана костюм кийишет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ