Мындай пикирин “атамекенчил” депутат, Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов «Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Эл Баатыры” деген наам бериш керек» – деп айтып чыкты. Мындай демилгени көтөргөн депутат президентгик мөөнөтү аяктоо алдында турган ажо Алмазбек Атамбаев бир топ жакшы иштерди бүтүрүп кеткенин жобурап, катуу кошомат кылды. Көпчүлүк Нышановдун бул жоругун чөгүп бараткан «Ата Мекенден» КСДПга секирик жасоо кадамы катары баалашты. Сыягы, депутат келээрки парламенттик шайлоонун камын эртелеп көрүп, КСДП-дан жылуу коңул табуунун амалын көрүп жаткандай. Демек Атамбаевдин «келээрки шайлоодо КСДПнын тизмесин өзүм түзөм» дегенин илгиртпей илип алган окшойт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ