Москва шаарынын бийлиги борбор азиялык миңдеген мигранттын курулушта иштөөсүнө уруксат берди.
Бир жарым ай карантин көптөгөн мигранттар үчүн чыныгы сыноо болду. Алардын бир бөлүгү үйлөрүнө кайткан. Айрымдары батир акысын төлөй албай, атүгүл тамак-ашка акчасы жок калды.
Мухаммаджон Бахридиннов Тажикстандан 16-мартта келген. Он күн өтпөй Москвада карантин жарыяланган. Учурда ал тааныштарынан карызга акча алып жашап жатат.
– Тажикстандан учуп келгенден кийин чек аралардын баарын жаап коюшту. Эч жерде эч нерсе иштебей калды. Жумушум бар эле, карантинге байланыштуу ал да жабылып калды.
Жамшед Жураев – курулушчу. Москвада бир жылдан бери жашайт. Ал акчасы түгөнгөнүн, кайрымдуулук уюмдарынан жардам суроого аргасыз болгонун айтат.
Адистердин пикиринде, эпидемияга карабай Москвада курулуш тармагы кыска аралыкта бутунан туруп кетиши толук мүмкүн. Демек, Москвадагы мигранттардын бир бөлүгүнүн жумуштарын сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ