Menu

Борт №1 же алптардын аба учактары

Бөлүшүү:

В. Путин менен Д. Трамптын жакында болуп өткөн Хельсинкидеги жолугушууларынан кийин Англиялык журналисттер эки өлкөнүн президенттеринин абада минген учактарынын айырмачылыгы менен артыкчылыктары тууралуу маалымат таратышты.

Россиянын президенти Владимр Путиндин минген самолетунун маркасы Ил -96 болсо, АКШнын президенти Дональд Трамп Boeing 747 200 В маркасындагы учакты колдонот. Д. Трамп учкан учак саатына 1000 километр аралыкты багындырса, В.Путандин учагы саатына 900 километр аралыкты басып өтөт экен. Анын узундугу 65 метр болсо, Американын президентинин авиалайнеринин узундугу 70 метр. Ал эми бааларындагы айырмачылык В. Путиндин учагы Д. Трамптыкына салыштырмалуу 500 миллион долларга арзан делет. Бирок, Путиндин самолетунун ички жасалгасы ыңгайлуулуулугу жана кооздугу жагынан Трамптыкынан жогору экенин, орус президентинин учагынын ичинде спорттук зал, люкс ванна жана башка дагы артыкчылыктары бар экенин Британ журналистери жазып чыгышты.

Путин, Трамп демекчи…

Россиянын президенти Владимр Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын 16-июлдагы Хельсинкиде өткөн жолугушуусунан улам Д. Трамп орус президентин быйыл күзүндө Вашингтонго чакыркангы туурасында маалымат тараган. Бирок, «… эгер Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамптын сунушуна макул болуп, экинчи саммит үчүн Вашингтонго барып калса, ал Конгресске чакырылбайт. Путинге эгер ал АКШга келсе, адатта чет элдик лидерлерге көргөзүлүүчү сыйдын бири – Конгрессте сүйлөөгө чакыруу боюнча эч план жок экенин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан, Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч МакКоннел да билдирди. Алар мындагы башкы жүйө катары «Орусия АКШнын 2016-жылдагы президенттик шайлоосуна кийлигишкен «деген божомолдорду жүйө келтиришүүдө» деп жазып чыгышты «Азаттык» радиосу. Ошондой эле ал маалыматга Путин менен Хелсинкиде өткөн басма сөз жыйынында, айрым билдирүүлөрү үчүн Трампты өз мекенинде оппонентгери, өнөктөштөрү, медиа каражаттары кескин сындап чыгышканы, эртеси Д. Трамп айрым сөздөрүнө тактоо киргизип, Орусия 2016-жылдагы шайлоого кийлигишкени боюнча АКШнын чалгын жамаатынын бүтүмүнө макул экенин, бирок анын шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун белгилегени” туурасында айтылат.

Нурдин Асанов

Булак: Айгай

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: