Menu

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков КЭРдин Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Солтон-Сары кенине жакын жерде Кытай жарандарынын жана жергиликтүү калктын ортосунда болуп өткөн окуяны тезинен жөнгө салуу боюнча пикир алмашышты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баса көрсөткөндөй, Өкмөт инвесторлордун да, ошондой эле жергиликтүү калктын да кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн түшүнөт жана бардык талаштар укуктук негизде, турмуштук жагдайды саясий нукка бурбай чечилиши керек деп эсептейт.

Жеңиш Разаков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан окуянын чоо-жайын тыкыр, объективдүү иликтөө жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары жеринде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Солтон-Сары кенинде Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана башка тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү жүрүшөт.

Жеринде калкка маалымдоо-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: