Menu

Президент Жээнбеков кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен Бишкек шаарынын борбордук аянтында куттуктайт

Бөлүшүү:

31-августта  Сооронбай Жээнбеков, борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтө турган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарага катышат. Бул туралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына байланыштуу куттуктоо сөз сүйлөйт.

Иш чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылат.

Ошондой эле иш чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, эмгек баатырлары, Олимпиада оюндарынын медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери катышмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: