Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 2-декабрда, Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу, Жамааттык коопсуздук кеңешинин жана ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларынын чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун мындан ары бекемдөө маселелери талкууланат.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашиняндын, ошондой эле ЖККУ башкы катчысы Станислав Застын катышуусу күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: