Menu

Фото – Төрага Дастанбек Жумабеков Казакстан парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумунун алкагында Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков боордош эки өлкөнүн достук мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууга түзүлгөн мүмкүнчүлүк үчүн кубанганын белгиледи. Ошондой эле Дарига Назарбаеваны Казакстан парламентинин Сенатынын Төрайымы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктап, Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отуруму жогорку деңгээлде өткөрүлүп жатканына токтолду.

“Отурумга Европа, Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринен жана эл аралык уюмдардан көптөгөн сандагы делегациялардын катышып жаткандыгы иш-чаранын өтө маанилүү экенин далилдеп турат”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Муну менен катар кыргыз-казак алакалары тууралуу сөз кылган Жогорку Кеңештин Төрагасы тили, маданияты, салт-санаа баалуулуктары окшош эки элдин тарыхый байланышы терең экенин баса белгиледи. Андан тышкары, эки мамлекеттин саясий-экономикалык кызматташтыгы жигердүү уланып жатканын жана өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүктү дагы да өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева боордош эки элдин бир туугандык, достук мамилеси түбөлүктүү экенин билдирип, бардык багыттагы кызматташтыкты арттырууга керектүү болгон парламенттер аралык байланышты кеңейтүү зарылчылыгына токтолду.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Урмат Самаев, Алмаз Жутанов жана Нодирбек Каримов катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: