Menu

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Аскер прокуратурасынын маалыматын угушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-сентябрда 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кезектеги жыйынынын өткөрүштү.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков белгилегендей, Мамкомиссиянын мүчөлөрү өткөн жыйында ички иштер министринин орун басарлары Памир Асановдун жана Алмаз Орозалиевдин, ошондой эле коомдук ишмер Турусбек Коеналиевдин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин маалыматын угушкан. Бүгүнкү жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова кайрадан чакырылган. Вице-премьер-министрдин айтымында, Мамкомиссиянын катчылыгы кат түрүндө парламентке тиешелүү чакыруу жөнөткөн, бирок эл өкүлдөрү катышуудан баш тартышкан.

Комиссиянын бир катар мүчөлөрү комиссиянын кийинки көчмө жыйынын Жогорку Кеңештин имаратында өткөрүүнү сунушташты. Мында депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова менен жолугушуу күтүлүүдө. Бул сунуш комиссиянын өкүлдөрү арасында колдоо тапты.

Андан соң аскердик прокурор  Нуркамал Набиев, ошондой эле Башкы прокуратуранын тергөөгө көзөмөл жүргүзүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев Жогорку Кеңештин №3218 токтомун аткаруу боюнча маалымат беришти.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасыныны Башкы Прокуратурасына

–  2019-жылдын 7-8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында болгон окуядагы мыйзам бузуу фактыларын ар тараптуу жана обьективдүү иликтөөнү камсыз кылуу;

–  А.Ш. Атамбаевдин аракеттерине жана анын тарапташтарынын барымтага алуу жана кармоо, укук коргоо органынын кызматкеринин өлтүрүлүшү жана бийлик өкүлдөрүнө карата курал колдонуу фактыларына укуктук баа берүү;

–  А.Ш. Атамбаевди кармоодо укук коргоо органдарындагы жооптуу адамдардын аракетинин мыйзамдуулугу жана негиздерин иликтөө жана кыска мөөнөттүн ичинде укуктук баа берүү тапшырмасы берилген.

Жыйындын жүрүшүндө обьективдүү жыйынтык чыгаруу үчүн бардык кызыкдар тараптарды угуу үчүн Мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтүн 15-октябрга чейин узартуу маселеси дагы көтөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: