Урматтуу окурмандар!
Акыркы айларда биздин Kyrgyztoday.kg сайтынын серверине хакердик (DDOS) атакалар байма-бай кайталанып, толук кандуу иштетпей келе жатканын сиздер деле байкап келе жатсаңыздар керек.
Бүгүн да сайтыбызды жаңы эле оңдотуп бүтөрүбүз менен кайрадан серверибизге агрессивдүү хакердик атакалар башталып, хостинг компания сайтыбызды убактылуу жаба турууга аргасыз болду. Анын натыйжасында сайтыбыз 9 саат иштебей турду.
Урматтуу окурмандар, убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн сиздерден кечирим сурайбыз. Адистер сайтты кайра калыбына келтирүү үстүндө иштеп жатышат.
Жогоруда бүгүнкү DDOS-атаканын скриншотун кошо жарыялайбыз.
Kyrgyztoday.kg сайтынын жааматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ