Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун эжеси Дамира Калыкова Президенттен жардам сурап, кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазган.
Анын айтымында, Мелис Калыков кылмышка күнөөлүү эмес, аны жөн гана алдап, жалаа жабып жатышат.
Өз кайрылуусунда Дамира Калыкова анын туугандарына дагы кысым көрсөтүлүп, уюлдук телефондору тыңшалып жатканын белгилеген.
Ошондой эле, өзүнө жана туугандарыныкына милиция жана прокуратура кызматкерлери келип, үйлөрүн аңтар-теңтер кылып, издөө жүргүзүшкөн.
Дамира Калыкова бир тууганы бул жагдайда жөн гана жабырлануучу экенин, чындыгында маркум прокурорду көрө албагандар көп болгонун айтат.
“Укук коргоо органдары эптеп эле Мелис Калыковду камап, анын мойнуна жалган айып таккан. Чындыгында, Анарбай Мамажакыпов “парашютчу” болгон,ошон үчүн ал башка прокурорлорго жакчу эмес” – деп жазат ал.
https://www.facebook.com/mira.durcan/posts/1167825036689672
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ