Убактылуу кармоочу жайдан жана психдиспансерден баңгизаттарды буйрутма кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын мобилдик ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери 30-35 жаштагы жаран телефон аркылуу Токтогулдан Баткенге ири өлчөмдө баңгизатын заказ кылганы тууралуу маалымат алышкан.
Аталган факты КЖБРне катталып, КРнын кылмыш жана жаза кодексинин 267-беренесинин ( Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.
Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Баткен облусунун 32 жаштагы жаранынын тиешеси бар экендиги аныкталган жана ал Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайында отуруп, Жалал-Абад облусунун республикалык психиатриялык ооруканасындагы мажбурлоо дарылоодо жүргөн жаран аркылуу баңгизаттарды буйрутма кылган.
Атайын тергөө ыкмаларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда аталган жаран кармалып, анын жанынан атайын жыты бар кочкул жашыл түстүү каражаттар табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык бул зат жалпы салмагы 3 кг 618 граммды түзгөн гашиш болуп чыккан.
Бул факт боюнча кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча сотко чейинки иликтөө иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ