“Кумтөр” алтын кен ишканасын 16 жыл башкарган Канадалык менеджер Леонардо Хоменюк “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда Кумтөр боюнча келишимди кайра карап чыгууга болорун, ал үчүн жаңы негиздер бар экенин кыйытыптыр.
Леонардо Хоменюк: “Келишимдер кайра каралып, тараптар кайрадан сүйлөшүү жүргүзгөнү табигый көрүнүш. Алгачкы келишимдеги көрсөткүчтөр өзгөрүп атпайбы, мисалы Кумтөрдө алтындын запасы башында ойлогондон көп болуп чыкты. “Центерранын” Невада менен Монголиядагы долбоорлору ишке ашкан жок.
Экологиялык зыянга келсек, Кыргызстан кожоюн өлкө катары жараталышка зыян келтирилбешине катуу көзөмөл кылууга ар качан кызыкдар болушу керек. Иштеп аткан чет элдик компания жергиликтүү мыйзамдарды сыйлап, аларга баш ийүүгө милдеттүү.”
Эске салсак, “Центерра” 2003-жылы Акаев режими учурунда Невада менен Монголиядагы долбоорлорун кошуп, өзүнүн “Кумтөр” долбоорундагы үлүшүн көбөйткөн жана Кыргызстандын үлүшүн 67% дан 12%га чейин азайткан болучу.
2009-жылы Бакиев режими учурунда кайра сүйлөшүүлөр менен Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү 33%га көбөйтүлгөн.
Ал эми 2016-жылы Атамбаевдин режими учурунда Кыргызстандын Кумтөр алтын кениндеги үлүшү 28%га чейин азайды. Бул башталышы гана, эми кайда барып токторун бир кудай билет.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ