Menu

Видео – ИИМ: Чет өлкөлүк жаранды талаага алып барып, көрүстөндүн жанында бычак менен коркутушуп, акча каражатын опузалап талап кылышкандар кармалды

Бөлүшүү:
Алардын айтымында, 20-февралда Ички иштер органдарына чет мамлекеттин жаранына кол салуу болгондугу жөнүндө билдирүү келип түшкөн.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына Кытай Эл Республикасынын жараны бейтааныш адамга жана аны коштоп жүргөн бир нече белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмүндө “Каракчылык”  көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Маалым болгондой, ушул жылдын 19-февралында, кечинде Чүй облусунун Кант шаарында өздөрүн УКТ мүчөлөрү катары тааныштырган белгисиз 5-6 адам чет өлкөлүк жаранды ак түстөгү автоунаага күч менен салып, Кара-Балта шаарына көздөй алып кетишкен.
Тергөө тапшырмасынын негизинде ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын (УККБ) ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, төмөндөгүлөр аныкталды:
Шектүүлөр психологиялык таасир көрсөтүү максатында чет өлкөлүк жаранды талаага алып барып, көрүстөндүн жанында бычак менен коркутушуп, акча каражатын опузалап талап кылышкан. Ошол эле учурда алар жабырлануучуга карата физикалык күч колдонуп, 5100 АКШ доллардан кем эмес акча каражатын талап кылышкан. Эртең менен аны шаарга алып келип тышташып, жабырлануучуда болгон 5000 сом өлчөмүндөгү акчаны алып,  өздөрү белгисиз тарапка кетишип калышкан. Мындан тышкары, шектүүлөр физикалык күч менен коркутушуп, дагы акча даярдоого буйрук беришкен. Опузалап акча талап кылган деп шектелгендердин арасында чет өлкөлүк жарандар дагы болгон.
Андан кийин, белгисиз адамдар мыйзамсыз аракеттерин улантып, кайрадан 5000 АКШ долларын талап кылууну уланта башташкан.
Ички иштер министрлигинин КМКнын 3-башкармалыгынын (УККБ) кызматкерлери комплекстүү ыкчам иш-чараларды жүргүзүшүп, 2021-жылдын 22-февралында саат 20:30 чамасында талап кылып жаткан акча каражатынын бир бөлүгүн,  тактап айтканда 1000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен Кытай Эл  Республикасынын жарандары 1985-жылы туулган В.К. жана 1993-жылы туулган Ж.Р. кармалган. Кармалган адамдар Бишкек шаарында убактылуу жашашат.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 24-февралда соттун чечими менен 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды.
Учурда кылмышка катыштыгы бар башка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: