Бүгүн, 3-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 48 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 17, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 13, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 2, Баткен облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 359 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 49 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 318ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 17, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 12, Ош облусунан – 2, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 9.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 1 бейтап каза болду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1468ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ