Япониялык миллиардер Юсаку Маэдзава SpaceX компаниясынын Starship кемеси менен Айга саякаттоо үчүн 8 адамды издеп жатат. Учуу 2023-жылга пландалган, бирок датасы тактала элек.
Юсаку Маэдзава Япониянын ири онлайн дүкөнүнүн ээси, анын мүлкү 2 миллиард долларга бааланган. Ал SpaceXтин Starship космос кемесинин биринчи жүргүнчүсү болору 2018-жылы белгилүү болгон. Ошол учурда, жапон ишкери Starship кемесинин курулушуна өтө чоң финансылык салым кошкону айтылган.
Айга саякаттоого эки критерийге жооп берген адамдар катышууга мүмкүнчүлүк алышат: “өз чектерин кеңейтүүгө, адамдарга жана коомго ар тараптан жардам берүүгө даяр адамдар” жана “ушул эле тилектерди колдогон башка экипаж мүчөлөрүн колдоого даяр адамдар”.
Долбоорго катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу кайрылсаңыз болот.
«Долбоорго ар кандай адамдардын кошулушун каалайм. Жалпысынан 10дон 12ге чейин катышуучу тандалып алынат, бирок мен Айга саякатка 8 гана адамды чакырам”, – дейт Юсаку Маэдзава.
Ал Starship кемесиндеги орундардын бардыгын сатып алгандыктан, башка мүчөлөр үчүн учуу толугу менен акысыз болорун кошумчалады.
Маэдзаванын айтымында, Айга болгон сапар үч күнгө созулат. Андан кийин космос кемеси Жердин табигый спутнигин айланып учуп, үч күндүн ичинде Жерге кайтып келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ