Бүгүн, 3-мартта Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына арналган салтанат, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев баштаган облустун активи, Баткен районунун, Баткен шаарынын активи жана тургундарынын катышуусунда белгиленди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Салтанат КРнын гимни менен башталып, ыйгарым укуктуу өкүл жалпы элди мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.
Өмүрбек Суваналиев өз куттуктоосунда, “мамлекеттик туубуздун желбиреп турушу, элибиз үчүн чоң бакыт жана зор сыймык. Көз карандысыздыктын символу болгон желегибиз, эгемен өлкөбүздүн жакшылыктарында желбирей берсин, туубуздун, патриоттук сезимибизди козгоп, ата мекенди сүйүүгө, коргоого үндөгөн, улуу касиети бар. Ошол эле учурда туубуз өтө терең философиялык маанини өзүнө камтыйт” деди.
Иш чара аскер кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.
Туу күнүнө арналган салтанат, облустун бардык район шаарларында белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ