Ысык-Ата районунда Новопокровка айылындагы каналда азият улутундагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, кечээ, 22-март күнү саат 11:04 чамасында Новопокровка айылында каналда 30-35 жаштагы азият улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин №27 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ