Menu

Пара менен кармалган депутат Данияр Төлөновдун бир тууганы кандай жаза алды?

Бөлүшүү:

17-мартта Бишкек шаардык соту Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы Маалыматтык-консультациялык борборунун мурдагы директору, Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы Бахтияр Төлөновго карата чечим чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге шаардык соттон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, экинчи инстанция борбордун Биринчи май райондук сотунун камакка алынган чиновник мамлекеттик бюджетке 260 миң сом төлөп бериши керек деген өкүмүн күчүндө калтырды.

Белгилей кетсек, Бахтияр Төлөнов 2020-жылы 9-январда кечке маал Бишкектин Манас проспектиси менен Жибек жолу көчөсүнүн кесилишиндеги кафеден 800 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы кармаган.

Бахтияр Төлөнов КР Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы КР жарандарына чет өлкөлөрдөн жумушчу орундарынын квотасын бөлүп берүү боюнча комиссиянын төрагасы болуп, өз кызматы үчүн пара сураган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: