Menu

“Лимонтинин” өлүмү боюнча кылмыш ишининин материалдары Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди

Бөлүшүү:

“Лимонти” каймана аты менен белгилүү болгон кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин материалдары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу журналисттерге Нарын облустук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нарын шаардык сотунун 2021-жылдын 9-февралындагы чечимине каршы доо арыз каралды. Ага чейин жабыркаган тарап А.Ю. жана адвокат Х.З. иш материалдарын башка сотко өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч келтирилген. Шаардык сот өтүнүчтү канааттандырып, материалдарды Биринчи май райондук сотунун кароосуна жөнөттү.

Бул чечимге Д.М. даттанган, бирок облустук сот аны канааттандырган эмес.

Белгилей кетсек, 2020-жылы 28-мартта болжол менен саат 13:00дө Нарын шаарында “Лимонти” каймана аты менен таанымал болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Сулайманов өлтүрүлгөн.

Кылмышка шектүү катары Талгаи Шамшиев кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, “Лимонти” 1998-жылы Нарында УКТнын Имаш Шамиев аттуу мүчөсүн өлтүргөн. Анын сөөгүн килемге ороп өрттөп, Нарын дарыясына ыргытып жиберишкен.

Имаштын уулу Талгат Шамиев чоңоюп, атасынын өчүн алган. Ал Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө өз машинасы менен “Лимонтинин” машинасын келип сүзгөн, Лимонтин токтоп, унаасынын эшигин ачып чыкканда аны Талгат Шамиев унаасынын ичинен бычактап салган. Андан кийин Талгат Шамиев “Лимонтинин” сөөгүн унаасы менен милицияга чейин өзү алып келип, милицияга өзү колго түшүп берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: