Бүгүн, 26-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 100 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 45, Чүй облусунан – 46, Ош облусунан – 2, Баткен облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 87 858 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 62 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 84 469га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 36, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 23, Нарын облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1494кө жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ