Кыргыз Республикасынын Сейсмология Институтунун берген маалыматына ылайык 2017-жылдын 21-августунда саат 01:51де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул туурасында ӨКМ билдирет.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Ор-Казган, Канжыга, Ак-Терек, Тосой, Жийде айылдарында 4,5 балл, Салам-Алик, Зергер, Ничке-Сай айылдарында 4 балл, Жалал-Абад шаарында 3 баллга жеткен.
Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ