Menu

УКМК: Коронавирус пандемиясы учурунда медициналык каражаттарды сатып алууда Саламаттыкты сактоо министрлигинде коррупциялык схема аныкталды

Бөлүшүү:

КР УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо системасындагы туруктуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, коронавирус пандемиясы учурунда атайылап жогорулатылган баада медициналык каражаттарды сатып алуунун системалуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта КМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2020-жылдын май айларында Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу жалпы суммасы 1,8 миллион АКШ долларына 67 жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, ал эми алардын иш жүзүндөгү базар баасы 600 миң АКШ долларын түзгөн. Мисалга алганда, 40 даана сатылып алынган ар бири 30 миң АКШ долларынан турган желдеткичтер, алардын баасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат базасы боюнча 7900 АКШ долларын түзгөн. Мындан тышкары, 2020-жылдын
сентябрь айында Саламаттыкты сактоо министрлиги ар биринин баасы 25 миң АКШ долларынан болгон 27 даана балдарга ылайык жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, бирок алардын базар баасы 10 миң АКШ долларынан ашпаган суммада болгон.

Ушундай эле абал медициналык мекемелерге дем алууну колдоочу каражаттарды (концентратор) жана функционалдык керебеттерди жеткирүүдө дагы ушундай абалдар байкалууда.

Ушул факты боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) фактысына ылайык катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: