Menu

Видео – Ошто 26 жаштагы кыз бийик зоодон секирип, өз жанын кыйды

Бөлүшүү:

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында 26 жаштагы кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу Ош ОИИБнен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-мартта милициянын нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында орун алган Дача участкасында белгисиз адам бийиктиктен өзүн-өзү боюн таштап каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” боюнча катталган.

Маалыматка ылайык,  26 жаштагы З.Т.Э 25-мартта кечки саат бештер чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы Дача участкасында жайгашкан көпүрөдөн боюн таштап, өзүн-өзү өлтүргөн. Ал Россиянын жараны, улуту боюнча кыргыз. Ошко 24-мартта саат 4:30да Москвадан келген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыз кулаган учурда тартылган видео соцтармактарга тарады. Ал бутка жип байлап атайын секирүү үчүн курулган «тарзанка» аттракционунан кулаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: