Menu

Ноокенде 2 жаран Хизбут-Тахрир уюмунан баш тартты

Бөлүшүү:

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан облус аймагында «Экстремист» операциясы өткөрүлүп 24 факты аныкталды. Анын алкагында ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Ноокен районунун 2 тургуну «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында облус аймагында жыл башынан тартып 4 адам каттодон чыгарылган. Ошондой эле мектеп окуучуларына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 191 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Облус аймагында ЭММКАК багытында 553 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 493 адам «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: