Menu

Бишкектеги Бакиевге таандык 1,3 гектар жер тилкесин мамлекетке өткөрбөй, “Ата-Мекен” партиясынын өкүлү Мадылбеков мародёрлук менен кымтып калган

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-ноябрда Финполиция тарабынан соттун чечими менен камакка алынган жана конфискациялануучу жер участогунун ээсин чыгаруу жана өзгөртүү боюнча мурда аныкталган коррупциялык схеманын алкагында Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константик Куценко кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Финполдун басма сөз кызматы билдирди.

Финполиция белгилегендей, буга чейин аталган коррупциялык кылмышка шектүү делип тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы “Ч.С.” деген жаран жана Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы “Ж.Н.” кармалышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2016-жылы айрым адамдар (кылмыштуу элементтер) материалдык пайда көрүү максатында, өз байланыштарын пайдаланып, КРнын президентинин аппаратынын кызмат адамдары, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери тарабынан “Г.Э.” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалоо жолу менен соттун өкүмү менен конфискациялоого тийиштүү болгон мүлктөн камакка алууну мыйзамсыз алып салышкан.

Элебаев менен Скрябин көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянты 1,28 гектар болгон жер тилкеси буга чейин Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык болгон.

2007-жылы жер тилкесин Global Advertising компаниясынан (негиздөөчүсү Марат Торалиевич Ахматов) “ЭлитДомСтрой” ЖЧКсы (негиздөөчүсү Ульяна Пак) 5 миллион сомго сатып алган. 2013-жылы апрелде Башкы прокуратуранын Ички иликтөө башкармалыгынын башчысы Каныбек Турдумамбетов “Дело №” гезитине билдиргендей, 2010-жылдан кийин парламенттин депутаты (“Ата-Мекен”) Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков жана Максим Бакиевдин айланасында жүргөн Global Advertising компаниясынын башкы директору жер тилкесине жабышып калышкан.

Турдумамбетовдун айтымында, Ахматов 2007-жылдагы сатып алууну жана сатууну токтотуп, баш калаанын Октябрь соту аркылуу камакты алып салууга жетишкен, бирок Элдар Малдыбеков анын планына тоскоолдук кылган.

Бирок Мадылбеков түрмөгө камалган. Ушундан кийин, 2014-жылы Бишкек шаарынын райондор аралык соту «Глобал Эдвертайзинг» жна «ЭлитДомСтрой» компанияларынын ортосундагы сатуу-сатып алууну жокко чыгарып, андан кийин жер тилкесин камактан чыгарган.

участок

Бишкек шаардык прокуратурасы буга 2016-жылдын август айында гана реакция кылган. Бирок кеч болуп калган. 2016-жылдын 2-ноябрында Бишкек шаардык соту камакка алуу чечимин чыгарган, бирок соттун чечими Бишкек Мамлекеттик каттоо кызматына 56 күндө жеткен. Бул убакыт аралыгында Э.Туратбеков 2016-жылдын 19-декабрында жер тилкесин сатып алууга жетишкен.

Тайырбек Сарпашевдин кандай тиешеси бар?

Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрагасы (КСДПчы) Тайырбек Сарпашев кат аркылуу (2016-жыл, 30-ноябрь, Ж-876) Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы чечимин аткарууну буйрук берген. Бул тууралуу Бишкек прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Райондор аралык соттун чечими менен,  Бакиевдердин мүлкүнө таандык жер тилкеси (Скрябиндин көчөсүндө) камактан чыгарылган жана ал «Глобал Эдвертайзенг» ЖЧКсына өткөрүлүп берилген.

Кассациялык арыздан кийин, Бишкек шаарынын прокуратурасы 2016-жылдын 2-ноябрында Бишкек шаардык соту аркылуу Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун аныктамасын аткарууну токтото турууга жетишкен.

Бишкек прокуратурасынын маалыматы боюнча, Тайырбек Сарпашев Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 2-ноябрындагы чечимине карабастан буйрук берген.

Бишкек шаарынын прокуратурасынын 2016-жылдын 19-декабрындагы турак эмес жайларды (өндүрүштүк базаны) сатып алуу-сатуу боюнча жараксыз бүтүмдү таануу жана жараксыз бүтүмдүн натыйжаларын колдонуу жөнүндө “Global Advertising” ЖЧКга карата доо арызы боюнча иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Мындай чечимди Бишкек шаарынын райондор аралык соту 2017-жылдын 28-сентябрында чыгарган.

Бишкек шаарынын прокуратурасы 2016-жылдын 19-декабрында “Global Advertising” ЖЧКсына, үчүнчү жак Э.Туратбековго карата турак жай эмес жайларды (өндүрүштүк базаны) сатуу-сатып алуу бүтүмүн жараксыз деп табуу жана жараксыз жана жараксыз бүтүмдүн кесепеттерин колдонуу жөнүндө сотко кайрылган.

Бишкек шаарынын прокуратурасы 2016-жылдын 19-декабрында турак-жай эмес жайларды сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдү жараксыз деп табуу жана ал бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу боюнча “Global Advertising” ЖЧКсына каршы доо арыз менен кайрылган.

Соттун аныктамасы менен Э.Туратбеков үчүнчү жактардын тизмесинен чыгарылып, экинчи айыпталуучу катары ишке катышкан. Ушуга байланыштуу, сот иштин маңызы боюнча чечим чыгарганга чейин, Бишкек шаарынын прокуратурасынын өкүлү, иш райондор аралык соттун кароосуна кирбегендиктен, ишти юрисдикцияга ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүп берүү жөнүндө оозеки өтүнүч келтирген.

2017-жылдын 16-февралында КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45 “А” дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлктү камакка алууга санкция берилген.

2017-жылдын 18-февралында Мамлекеттик кызматтын тергөө тобунун жетекчисинин токтому менен, КР Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин талаптарына ылайык, бул кыймылсыз мүлк алынган.

Мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатында камакка алынган кыймылсыз мүлк Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна сактоого өткөрүлүп берилген.

Жер тилкесинен түшкөн кирешени ким алган?

Скрябин к. 45-45А дарегиндеги унаа токтоочу жай жана контейнерлер Баткен Шерниязовго таандык. Бул тууралуу 2017-жылдын 17-февралында өткөн маалымат жыйынында укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин эксперттик кеңешинин төрагасы Кайрат Осмоналиев билдирген. 

“Эки белгилүү Шердин жакын тууганы. Бул жөн гана жооп, мен эч нерсеге комментарий бербейм. Албетте, ал жерде бекер унаа токтоочу жай жок, товар жүгүртүү белгилүү бир кызыкчылык менен жүрөт. Алар канча табышат, мен билбейм”, – деди ал.

Булак: “Tazabek”
Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: