Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өлкө калкы көмүр менен толук көлөмдө камсыздалышы керек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 13-июлда, Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкты 2018/2019-жылкы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын кеңешмесине катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө «Улуттук энергохолдинг» ААК башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров билдиргендей, 2018-жылдын январь-июнь айларындагы  электр энергиясын жоготуулар электр түйүндөрүндө 12,8% ченемде  орто баа менен 12,7% (802,6 млн. кВтс) түзгөн.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ырастагандай, факт түрүндө жоготуулар көрсөткүчү айтылган 12%дан кыйла көп сумманы түзөт.

«Бөлүштүрүү компанияларынын түйүндөрүндө электр энергияларын жоготуулар кээде 40%га чейин жетет. Силер бул жерде даярдалган отчетторду айтып отурасыңар. Ансыз да жыл сайын адистер жоготуулардын кыскаргандыгы, башкаруунун жакшыруусу, ошондой эле жылуулук мезгилине толук даярдык тууралуу баяндашат. Ошого карабастан, Бишкек ЖЭБдеги авария кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт», – деди Премьер-министр.

Кеңешменин жүрүшүндө «Кыргыз жылуулук энерго» МИнин башкы директору Нургазы Нишанов аймактардагы бюджеттик уюмдардын жылуулук үчүн дебитордук карыздарынан кутулуу маселесине жардам көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Өкмөт башчы бул маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде чечүүнү тапшырды.

«Силерде мамлекеттик ишкана статусу бар. Силер жериндеги жетекчилик менен жолугушуп, бул маселени чечишиңер керек. Силер жөн гана от жагуучулар эмессиңер да», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы көмүр менен камсыздоо маселесине тийиштүү белгилегендей, катуу отун атайын базага толук көлөмдө жана антимонополдук орган тарабынан бекитилген баада – тоннасына 1200 сомдун тегерегинде түшүүсү керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: