26-мартта КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР ИИМ ички иликтөө
кызматы менен биргеликте, 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда Л.Д.Э. жана Т.у.Ж. аттуу КР жарандары кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, кармалган Л.Д.Э., анын шериги Т.У.Ж менен биргеликте өзүлөрүн Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБ кызматкери
катары тааныштырышып, ортомчулук кылып жатасын дешип кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Сокулук районунун жашоочусунан 5000 (беш миң) АКШ доллар акча каражатын талап кылышкан.
Белгилей кетсек, аталган Л.Д.Э. мурда арыз ээсинен 190 миң сом жана 1 миң АКШ долларын алган.
Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ