Казакстандын Башкы прокуратурасы “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облусттарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү ири масштабдагы атайын операция жүргүзүп 29 адам кармаган. Чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда кармалгандар Бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени айтылган. Кармалгандардын ичинде Кыргызстандын төрт жараны бар болгон. Алардын бири Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени маалым болду. Алматы шаардык соту 18-февралда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы атайын операциянын жүрүшүндө кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу баш болгон 29 адамдын баш коргоо чарасын карап, аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ