“Коронавирустук инфекциянын жаңы түрү дүйнө жүзү боюнча жайылууда. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги отчет бериши керек”, деп билдирди бүгүн, 31-мартта депутат Тазабек Икрамов парламенттин отурумунда.
Ал коңшу мамлекеттер чектөөлөрдү киргизип, чек араларды жаап жатышканын белгиледи.
“Бүгүнкү күндө биз ушуга даярбызбы, лабораториялар барбы? Ушул боюнча Саламаттыкты сакто министрлиги келип маалымат беришсе жакшы болот эле. Кандай иштер жасалып жаткандыгын айтып беришсин. Калк арасында түшүндүрүү иштерин дагы күчөтүү керек ”, – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ