Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу КР БШК Маалымат бөлүмү билдирет.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, саат 00.00гө карата 92,52% шайлоо участкаларынан же 2273 шайлоо участкаларынын 2262 шайлоо участкаларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар алынды.
Шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого жалпы 1 024 891 шайлоочу катышты же шайлоочулардын 30,89% түздү.
Шаардык кеңештерге шайлоого 25,89% шайлоочулар катышты (303 176 шайлоочу).
Айылдык кеңештерге шайлоого 31,81% катышты (721 715 шайлоочу).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ