Коомдук ишмер Нурлан Мотуев президент Садыр Жапаровдун республика боюнча кумарканаларды ачуу сунушун колдоду. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-апрелде Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жүктөгөн видеокайрылууда билдирди.
Ал эрки күчтүү адамдар кумарканаларга кирбей турганын белгиледи.
“Президент Садыр Жапаров европа улутундагылардан коркпостон “чочко арам, арак арам” деп айтты. Буга чейин бир да президент мынтип сүйлөй алган эмес. Казинону чет өлкөлүктөр ойнойт деп жатат. Биздин кыргыздар кирбейт дейт. Эркибиз күчтүү, кыйын кыргызбыз деп мактанасыңар. Андай болсо, казиного кирбей койгула, ойнобой койгула. Мисалы, арак деле дүкөндөрдө сатылып жатат. Эрки күчтүү адамдар аны сатып албайт, ичпейт”, – деди Нурлан Мотуев.
Белгилей кетсек, 22-апрелде Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагына кумарканалардын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берген.
Кыргызстанда кумар оюндарына 2011-жылы мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ