Лейлек районунун Интернационал айылынын кыргыз жарандарына тиешелүү болгон “Жилой дом” участкасына жакын аймакта кыргыз жарандарынын экөөсү каза болгондугун тактоо максатында, Интернационал айылынын башчысы барган учурда, тажик жарандары аны барымтага алып алышкан. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факт Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Баткен ОИИБи: Тажик жарандарынын Интернационал айылынын башчысын барымтага алып кеткен факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ