Афганистан Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу кагылышуунун уланышын кабыл албайт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, бул тууралуу маалымат Афганистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган.
“Афганстан Өкмөтү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн жана элдеринин ортосундагы куралдуу кагылышуунун уланышын кабыл албайт жана аймактагы тынчтык менен туруктуулукту колдойт. Афганстандын Өкмөтү бул кагылышуулардын натыйжасында курман болгондорго байланыштуу дос жана бир тууган Тажикстан менен Кыргызстанга терең кайгыруусун билдирип, пайда болгон көйгөйдүн саясий жана тынчтык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилишине ишенет” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ