Кечээ, 5-декабрь күнү Братислава шаарында ЕККУ ТИМКнын 26-жыйынынын аянтчасында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ЕБ өкүлү Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү боюнча 19-ноябрда Бишкекте өткөн донордук конференциянын жыйынтыктарын жогору баалады жана КРнын өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясын ар тараптуу ишке ашырууну кубаттады.
Тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин жана ЕБ институттарынын жаңы жетекчилиги менен саясий диалогду талкуулашты, ошондой эле 2019-жылдын 9-декабрында Брюссельде өтө турган ЕБ-КР Кеңешинин жыйынынын күн тартиби боюнча пикир алмашышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ