Menu

Балтыр бит башка чыкканда…

Бөлүшүү:

Аскар Акаевдин пресс-катчысы болуп, ошол эле кезде атактуу «Асаба» гезитине Ак үйдөгү болгон маалымат, ушак, имиштерди жазып атагы чыккан Каныбек Иманалиев деген эргул бар. Акаевдин аракасы менен «Эркин-Тоо» басмаканасын менчиктештирип, бүгүнкү күнгө дейре басып жатат. Бакиевдердин убагында үн чыгаргандан коркуп коңулга кирип күн өткөрдү. 2010-жылдагы революциядан кийин «тирилип» Феликс Куловдун башын айлантып «Ар-Намыс» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болду. Анан ал жерде жөн жүрбөй интрига кылып Куловду өз партиясына ээлик кылдырбай айласын кетирген. Бүгүнкү күндө Өмүрбек Текебаевдин ырын ырдап, «Ата Мекен» партиясынан депутат болуп отурат. Анан ушул туруксуз, интриган эргул мораль, жигиттик тууралуу акыл айтса, жанына жан киши чыдап тура албайт. Мындайды «чычкан ийинине кире албай жатып куйругуна калбыр байлайт» дечү беле… Ушундай жылжытмалардын кесепетинен кыргыз саясатында ыплас оюндар токтобой келет. Мындайларды кынына киргизип турбаса, мурунду жарган бүксүгөн жыттан арылыш мүмкүн эмес…

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: